Бүгүнкү күнү коронавирус менен ооруган бир дагы дарыгерге компенсация төлөнө элек

29 апреля 2020 18:39 1564 Barometr
Поделиться в:
ok

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүнкү күнү Кыргызстанда коронавирус илдети менен ооруган бир дагы медициналык кызматкерге компенсация төлөнүп бериле электигин айтты.

"200 миң жана 1 млн сом төлөмдөрү боюнча атайын комиссия иштеп жатат жана анын чечиминен кийин гана акча каражаты төлөнүп берилет. Бүгүнкү күнгө чейин эч кимге төлөнүп бериле элек", - деди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Ал ошондой эле, коронавирус менен ооруган медкызматкерлерге дагы 200 миң сом төлөнүп бериле электигин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин иш учурунда коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом, ал эми андан каза болсо 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация бөлүнө турганы айтылган. Бирок кийин бул маселе кайтадан карала турган болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/bgnk-kn-koronavirus-menen-oorugan-bir-dagy-darygerge-kompensaciya-tln-elek



Добавить комментарий