Бүгүн унаа, эртең турак жай салыгын төгүүнүн акыркы күнү
Поделиться в:
Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 1-сентябрда унаага салык төгүүнүн акыркы күнү экенин салык төгүүчүлөргө эскертти. Бул тууралуу аталган ведомство берген маалыматка таянуу менен “Барометр” билдирет.
Эртең, 2-сентябрда турак-жайларга жана квартираларга, ошондой эле жер участокторуна салык төлөөнүн акыры күнү.
Буга байланыштуу МСК унаа каражаттарынын, кыймылсыз мүлк жана жер үлүшүнүн ээлерин өз убагында салык төгүп үлгүрүп калууга чакырды.
Салыктарды банктардын мекемелеринен, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдар, интернет-банкинг, төлөм карталары аркылуу төгүүгө болот.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-unaa-erte-turak-zhaj-salygyn-tgnn-akyrky-kn
Добавить комментарий ×