Бүгүн Кыргызстанда 1 485 адамдан коронавирус аныкталды
Поделиться в:
2-июлда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1485 учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Анын ичинен Бишкек шаарында 923, Чүй областында 165, Ош областында 109, Жалал-Абад областында 91, Баткен областында 80, Ысык-Көл областында 38, Ош шаарында 33, Нарын областында 24, Талас областында 22 учур катталды.
Оору башталган күндөн бери 127 880 адамдан коронавирус катталган.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kyrgyzstanda-1485-adamdan-koronavirus-anyktaldy
Добавить комментарий ×