Үй шартында антибиотик колдонбоңуздар! Реанимацияда оор абалда 6 бейтап жатат

9 февраля 2023 13:46 954 Barometr
Поделиться в:
ok

Жугуштуу оорулар ооруканасынын реанимация бөлүмүндө курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен 6 бейтап жатат. Бул тууралук жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мындай маалыматты, Аалиев биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, алардын төртөө жаш балдар, бардык бейтаптардын абалы оор. 

Аалиев сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияны дарылоодо антибиотиктерди колдонбоону суранды.

 «Биздин ооруканага үй шартында антибиотик колдонгон бейтаптар келип жатат, аларды дарылоо биз үчүн кыйынга турат. Айрымдар антибиотиктин эки түрүн дароо ичет, бул туура эмес», - деди ал.   

 
Аалиев, сасык тумоонун же курч респиратордук вирустук инфекциянын симптомдору байкалары менен жашаган жериндеги поликлиникаларга кайрылууну өтүндү. 

Ссылка: https://barometr.kg/j-shartynda-antibiotik-koldonbouzdar-reanimaciyada-oor-abalda-6-bejtap-zhatat



Добавить комментарий