Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча маанилүү видео кайрылуу жасалат

18 июня 2019 10:56 2331 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн,18-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы кортунду чыгарышы күтүлүп жатат.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу социалдык баракчасына жазды.

“Бүгүн комиссия корутунду чыгарышы күтүлүүдө. Бир аздан кийин маанилүү видео кайрылуу жасалат. Экс-президент А.Ш.Атамбаев келип катышам десе, эшик ачык”,-деп маалымдады Нуракун уулу.

Эскерте кетсек, кечээ 17-июнда  Жогорку Кеңеште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын отуруму өтүп, анда Атамбаевди бийликти узурпациялап алган деп айыпташкан.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-eks-prezident-almazbek-atambaev-boyuncha-maanil-video-kajryluu-zhasalat



Добавить комментарий