Бүгүн дагы бир депутат жыйынга "футболка" кийип келди, бирок анын дарегине сын айтылган жок

18 января 2019 17:21 4336 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

СДПК фракциясынын депутаты Улан Примов бүгүнкү жыйынга футболка кийип келди. Бирок ал кечээ, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынынан чыгарылып жиберилген Талантбек Тынысов сыяктуу тил уккан жок.

Белгилүү болгондой Жогорку Кеңештин жыйынына көйнөк кийип келбегени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылып жиберилген.

Тынысов жыйынга бараарын эртең менен гана уккандыгын жана кийип турган кийими футболка эмес свитер экендигин айткан.

Эми минтип дагы бир депутат жыйынга футболка кийип келди.

Ал эми Примов өзү журналисттерге кийип турган кийими эч кандай этиканы бузбагандыгын айтып, Жогорку Кеңештин эмес фракциянын жыйына келгендигин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-dagy-bir-deputat-zhyjynga-futbolka-kijip-keldi-birok-anyn-daragine-syn-ajtylgan-zhok



Добавить комментарий