5-октябрь - Мугалимдер күнү
Бүгүн, 5-октябрь - Мугалимдер күнү. 2014-жылы 5-октябрь өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары бекитилген. Бул тууралуу токтомго 2014-жылы кол коюлган.
Эске салсак, буга чейин мугалимдердин жана кесиптик билим берүүнүн кызматкерлеринин күнү октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленчү. Анда мугалимдер майрамы ар кайсы күнгө туш келип калчу.
Мугалимдер Советтер Союзу учурунда эле белгиленип баштаган, бул жөнүндө 1965-жылы 29-сентябрда жарлык чыккан. 1980-жылдан бери октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келген.
1994-жылы ЮНЕСКО 5-октябрда Эл аралык мугалимдер күнүн белгилеген.
1994-жылдан бери дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекетинде 5-октябрь Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү катары майрамдалып келет. Бул күн мугалимдердин жана билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип, алардын билим берүүгө жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы даңазаланат.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-5-oktyabr-mugalimder-kn
Добавить комментарий ×