Атамбаевдин туулган күнүн куттуктап СДПКнын мүчөлөрү УКМКга барышты

17 сентября 2020 12:00 1200 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 17-сентябрда Кыргызстандын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Экс-президентти куттуктап СДПК партиясынын мүчөлөрү куттуктоо сөздөрүн жазып алып УКМКнын имаратынын алдына келишти.  Бул тууралуу СДПКнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Депутаттар Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова жана Мухтар Айнакулов Алмазбек Шаршенович менен жолугушууга киришет. Биз экс-президентке жылуу каалоо-тилектерибизди жолдодук. СИЗО-1де Кой-Таш окуясы боюнча камакта отурган анын тарапташтары дагы куттуктоо жолдошту . Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Биз сиз менен аягына чейин!", - деп жазган Кундуз Жолдубаева.

Алмазбек Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-17-sentyabrda-almazbek-atambaevdin-tuulgan-kn-any-kuttuktap-sdp-partiyasynyn-mchlr-ukmknyn-imaratynyn-aldyna-kelishti



Добавить комментарий