Бет кап кийген адамдар Нарындагы май куючу жайды тоноп кетишти

28 января 2019 09:32 1172 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

26-январдан 27-январга караган түнү саат 2:00лер чамасында Нарын шаарындагы май куючу жайлардын бирине беткапчан үч адам кирип, кассадан 120 миңдей сомду алып кетишкен. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына өздүк булактар билдиришти. 

Маалыматка ылайык, каракчылар колдоруна союл сыяктуу катуу нерсе менен кассадагы адамдарды коркутушкан. 

Бул тууралуу облусттук милиция менен байланышканыбызда, учурда издөө жүрүп жаткандыгын кабарлашты. 

Ссылка: https://barometr.kg/bet-kap-kijgen-adamdar-naryndagy-maj-kuyuchu-zhajdy-tonop-ketishti



Добавить комментарий