Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Олег Панкратов кызматынан кетти

23 апреля 2020 11:44 1618 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Олег Панкратов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди. 

Панкратов мамлекет башчысынын кеңешчиси болуп 2019-жылы июлда дайындалган.

Ошондой эле берген арызына ылайык, Назгүл Ташпаева КР Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

Ссылка: https://barometr.kg/bergen-aryzyna-ylajyk-tashpaeva-nazgl-kyzmatynan-boshotuldu



Добавить комментарий