Белорусиялык мигранттар тикенек зымдан ашып Польшага качышты
Бир нече мигранттардын тобу Белорусия менен Польшанын чектеринен өтүп, Польшанын аймагына кирип барышты. Бул тууралуу Sputnik Беларусь Telegram-каналына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, качкыдар тикенек зымды жарып өтүшкөн. Андан ашып алган мигранттар коргоочу тосмону бойлото кетип бара жатышат.
“Бир нече мигранттардын тобу Польшага кирип келишти. Качкындар "Брузги" бекетинде тикенек зым тосулган тосмону жарып өтүшкөн, полиция аларды видеого тартып алды”,-деп айтылат каналдагы маалыматта.
Эскерте кетсек, Польша менен Балтиянын башка өлкөлөрүнө акыркы айларда Белорусиядан барган мигранттар абдан көп болуп жатат. Ага жооп кылып Польша акыркы 30 жылда биринчи ирет чек араны кайтарууну күчөтүп, чукул абал режимин жарыялады. Сентябрь айында Польшанын бийлиги узундугу 418 километр болгон тосмону да курууну колдоого алды.
Ноябрь айынан баштап чек арадагы абал курчуду. Мигранттар тосмону жарып өтүүгө аракет кылууда. Буга байланыштуу Польша Белорусия менен чектешкен чек арасына 15 миңдей аскерлерин жайгаштырды.Бул ишке Россияда киришип Белорусиянын аба мейкиндигин россиялык бомбалоочулар кайтарууда. Европа биримдиги менен Америка Белорусиянын бир нече юридикалык жана жеке тараптарына санкцияга киргизүүгө камданууда.
БУУнун башкы катчысы мигранттардын кризисин саясий кызыкчылыкка пайдаланбоого чакырды.
Ссылка: https://barometr.kg/belorusiyalyk-migranttar-tikenek-zymdan-ashyp-polshaga-kachyshty
Добавить комментарий ×