Бекназаровдун уулу Токтогул үйлөндү. Тойго Отунбаева, Сариев, Текебаев жана Матраимов чакырылды
Саясатчы Азимбек Бекназаров уулу Токтогулду Сайкал аттуу кызга үйлөнттүп, чоң той өткөрдү.
Бишкектин Ала-Тоо ресторанында өткөн үлпөткө Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Турсунбек Акун келди.
Чакырылгандардын катарында салтанатта Руслан Казакбаев, Өмүрбек Бабанов, Равшан Жээнбеков, Айбек Бузурманкулов, Феликс Кулов, Бөдөш Мамырова, Үсен Сыдыков, Эмилбек Каптагаев, Темир Сариев, Эльмира Ибраимова катышкан.
Өзгөчө коноктондун катарында Мыктыбек Абдылдаев, Иса Омуркулов, Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов бар.
Үйлөнүү тойго ошондой эле президенттин иниси Асылбек Жээнбеков жана Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун агасы Искендер Матраимов чакырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/beknazarov-uulu-toktoguldu-jld-tojgo-zheenbekov-menen-matraimov-chakyryldy
Добавить комментарий ×