Бекилов: Аймактарга 56 автоматташтырылган метеостанцияларды куруу мерчемделүүдө (Сүрөт)

9 сентября 2020 16:34 444 Barometr
Поделиться в:
ok

“Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттигининде алгылыктуу жумуштар жүрүүдө: аймактардагы мурда жабылып калган метеостанциялардын ордуна автоматташтырылган метеостанцияларды куруу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу КР ӨКМнин алдындагы  Гидрометеорология агенттигинин директору Абдишарип Бекиловдун маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

“Учурда Дүйнөлүк банк каржылаган “Борборбук Азиядагы гидрометеорологиялык камсыздоону модернизациялоо” долбоорунун алкагында 23 автоматташтырылган метеорологиялык станцияларды (АМС) куруу пландалып жатат. Ушул долбоордун алкагында АМСтер курулуучу орундарды жана электр энергиясын тартуу маселелерин чечүү максатында жеринде тиешелүү адистерден түзүлгөн атайын топ менен биргеликте республиканын аймактарын кыдырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, тийиштүү маселелер талкууланып, чечилип жатат”, -деди А.Бекилов.

Мындан сырткары, “Аймактарды өнүктрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо”  жылынын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен аймактарга 20 бардык шарттары каралган гидропосттор курулмакчы. Гидропосттордо турак жай, автоматташтырылган метеостанциялар, автоматташтырылган гидрологиялык комплекстер аймактарга кошо курулмакчы.

Ошону менен бирге АБР тарабынан каржыланган долбоордун алкагында Бишкек шаарына абанын булгануусун аныктоочу 50 датчик орнотуу мерчемделүүдө.

Бүткүл дүйнөлүк улуттар уюмунун Азык түлүк программасы тарбынан каржыланган долбоордун алкагында аймактарга 8 автоматташтырылган метеостанциялар курулат. ПРООН тарабынан каржыланган долбоордун алкагында аймактарга 5 автоматташтырылган метеостанциялар орнотулмакчы.


Ссылка: https://barometr.kg/bekilov-ajmaktarda-56-avtomattashtyrylgan-meteostanciyalardy-kuruu-merchemdeld-srt



Добавить комментарий