Бек Борбиев: "Президенттин оппоненттери кылмыштары үчүн жооп бере турганын сезишип, чыйпылыктай башташты"

17 декабря 2018 17:20 4474 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ырчылардан анда-санда саясий абалга көз салып, өз пикирин билдирип келген Бек Борбиев бул жолу да президент тууралуу үн катты. Ал Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүп жатат, колдойлу, бир сөзү үчүн сындай бербейли деди. Ырчы мындай пикирин Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу жазып чыкты. 

"Президентке бардык тараптан колдоо көрсөтөлү. Анын орусча жаңылып сүйлөгөнүн тим эле чоң ката катары көрүп, тескери пияр жасаганга аракет кылгандарга таң каласын. Орусча эмес кыргызча сүйлөй албагандан уялыш керек, кыргыз болуп туруп кыргызча чала сүйлөө - мына ошол чоң минус. 

Кудайга шүгүр дейли. Сүйлөйт десе эле ой-келди сүйлөй берген, тилине алы жетпеген ажону деле көрдүк го. Ооба көч бара-бара түзөлөт. Кылына элек көп иштер бар. 

Түндүк-түштүк маселеси кыргызды акыры жок кыла турган оору. Мына ушул ооруну азыркы президенттин оппоненттери колдоно башташты. Кыйытып интервьюлардан уялбай эле айта башташты. Албетте алар кылган кылмыштары үчүн жооп бере турган күн жакындап келатканын сезишип, чыйпылыктай башташты. Баардык нерсеге барышы мүмкүн"-деди ырчы. 

Анын айтымында Жээнбековго түндүк жактан бир күчтүү тандем керек. Путин менен Медведевдей болуп тандем болуп иштесе жалпы элге жакшы болмок деген оюн айтып калтырды.


Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-prezidenttin-opponentteri-kylmyshtary-chn-zhoop-bere-turganyn-seziship-chyjpylyktaj-bashtashty



Добавить комментарий