Бек Борбиев Кыргызстандын аталышын "Кыргыз Каганаты" деп өзгөртүүнү сунуштап жатат
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев өлкөнүн аталышын “Кыргыз Каганаты” деп өзгөртүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ырчынын фейсбук баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Илгери борборубуз Фрунзе кезинде, Бишкек кылып өзгөртөлү деген сунуш менен Мыктыбек Арстанбек курсташ досум экөөбүз митинг уюштурдук эле. Студент кезибиз, ректорго чейин чакыртылып, окуудан чыгарылып калуу коркунучу дагы болгон. Бизди шылдыңдап күлгөндөр, эски жашоону эңсегендер деп жаман сүйлөгөндөр да болгон. Бирок, кийин өзгөртүлдү, азыр чет өлкөдөн бирөө келсе Кыргыз жергесине келип атат, Фрунзеге эмес, Бишкекке, бул түшүнгөн адамга сыймык.
Республика деген латын сөзүнүн ордуна Каганат аталалы деген сунушумду, Атамбаевдин убагында көтөрдүм эле, фейктер жеп койоюн деген. Кээ бир, шаарда өсүп калгандарга, улуту башка жарандарыбызга бул маселе болбогон эле нерседей көрүнүшү мүмкүн, же таптакыр жактырбайт. А мен үчүн чоң мааниси бар, тарыхка кайрылып тактап алмайын, келечек бүдөмүк.
Азыр деле көп адам түшүнбөйт экен. Ошондон оңолуп кетебизби, жыргап кетебизби деп. Жок, жыргап кетпейсиң, сен жөн гана латынча жазылган республикада эмес кыргызча ата-тегиң жашап келаткан Каганатта гана жашап каласың. Бул маселеде саясат болбошу керек, саясат өз жолу менен боло берсин жана боло берет. Биз өлгөндөн кийин деле боло берет. Ал эми ата-баба курган Каганат кала берет. Хандык келет турбайбы дегендер дагы болуп атат, мыйзам менен өлкөнүн аталышын байланыштыруу бул жеткен кемпайлык. Өлкөнүн Баш мыйзамы, башкаруу системасына аталыштын эч кандай байланышы жок.
Кыргыздар чоң мамлекет түзө алган эл, көп элдерде мындай которуп ала турган сөздөрү жок. Ал эми, биз сыймык менен Каганат аталып жүрсөк жарашат, анткени ата-бабаларыбыз далай канын төгүп, бизге мындай мүмкүнчүлүк берген”, - деп жазды ырчы.
Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-kyrgyzstandyn-atalyshyn-kyrgyz-kaganaty-dep-zgrtn-sunushtap-zhatat
Добавить комментарий ×