Бек Борбиев: Райым менин досум

4 сентября 2020 16:27 5349 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Бек Борбиев депутаттыкка ат салышпай тургандыгын дагы бир ирээт жар салды. Себеби  аны кыргыздын кайсы жерине барбасын эл кучак жайып тосуп алышат экен. Бул тууралуу Бек Борбиевдин соц баракчасына таянып "Барометр" билдирет.

"Мен эки жылдан бери эле депутаттыкка барбайм деп келем, баракчамды туруп окусаныздар болот. Мен 30 жылдан бери эле депутаттай жашоо откором жана депутатмын, Кыргыздын кайсы жерине барбайын кучак жайып тосуп алаар күйөрмандарым бар. Ыр күйөрмандардын мындай сыйына Аллах раазы болсун деп, ушул күндөргө чейин сыямды кургатпай эмгектенип келем. Бул пикиримде бүгүн дагы турам.

Албетте кийинки  болгон окуялар боюнча дагы токтолуп кетпесем болбойт. БШКа мага 7 500 сомго айып тагыптыр, мен дагы аны интернеттен окудум. Унчукпай барып төлөп койсом деле болот, бирок... "Мекеним Кыргызстан деген ырды шайлоо башталгыча интернет баракчасына чыгарыптыр деген айып?! Кудайды карасанар боло, менин баракчамдан ырды көрдүнөрбү мен дагы мыйзам сыйлаган адаммын, албетте чыгармак эмесмин жана чыгарган жокмун. Ал интернеттеги вариант ырдын бүтө элек кезинде уурдалып, моя Родина деген фейк аккаунтка жүктөлүп, эн кызыгы реклама деп акчасы төлөнүп, раскруткага коюлат. Албетте саясий оппоненттер тарабынан уюштурулса керек. Албетте кандай гана фейк аккаунт болбосун, алгачкы жүктөлүу булагын тапса сөзсүз  болот, албетте изилденет жана сот тергөө тараптан акыйкат иш алып барылат деп ишенебиз. Бул сөздөрдү мен азыр трайбалист- саясий серепкерлер же фейк аккаунттардын алдында актанайын деп эмес, өзүмдүн санаалаштарыма, пикирлештериме маалымат учун жазып коюну туура көрдүм.

Ооба маалымат катары дагы айтып койчу бир эки сөз бар. Кийинки учурда баракчамдагы пикирлер арасында саясат аралашкан сөздөр көп, Бакиевчил, Райымдын ырчысы деген мааниде

Ооба Бакиевчил болгом.. Мен башкаларга окшоп бир жээктен экинчи АША жээгине өтө качкан жокмун. Кан кечип 90 жаш өмүрдү кыйып, кыргызга миң жылдык кырсык болгон адамдын командасына өтө качканга мүмкүнчүлүгүм көп эле. Эки жакын досум анын жанындагы өтө жакын кишилери болчу. Анте албадым, көкүрөк катып туруп алды, 10 жыл аны менен ФБ аркылуу күрөштүм, акыры эмне болгонун баарыныздар билесиздер. ТВ, Радиону тыю салып , (өзү гитара менен ырдап туруп алды. Кимдин ким экенин убакыт көрөттү,  мага сахна бербей турганда күлүп табасы кангандар көп болгон, азыр темир тордун артында же качып кетишти. Эч кимге капачылыгым деле жок, бул турмуш деп билем.

Ал эми Райым боюнча. Ооба, партияга ыр чыгардым, ырдадым, башка дагы колдон келген жардамдарымды бере берем. Кыргызды көтөрөм, өнүктүрөм деп бир досун шайлоого аттанса, четте карап турасынбы, кантип жардам бербейсин. Ооба чын, 25- 30 жылдан берки жакын жолдошум, досум. Менин эл катары эле көп деле жакын жакшы досторум жок, ушул жашка келгенде жаны дос табалбайсын, издебейсин, бироо жакшы досун бербейт, бул тушунуктуу маселе баарыбызга. Мына шайлоо башталды, шайлоого кызыгдарларга ийгилик каалайм

Мени көбү «не управляемый» деп айтышат экен..

Ооба, мен дал ошондоймун, жана ошондой мүнөздүү Кыргыз экениме сыймыктанам", - деп жазды ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-kyrgyzdyn-kajsy-zherine-barbajyn-kuchak-zhajyp-tosup-alyshat



Добавить комментарий