Султан Мамасыдыков Бажы кызматына орун басар болуп дайындалды. УКМКда үлкөн кызматтагы чиновниктин бир тууганы экени айтылууда

8 февраля 2019 11:29 1477 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамасадыков Султан Алайбекович Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын Биринчи орун басары болуп дайындалды. Мындай буйрукка премьер-министр 5-февралда кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Султан Мамасадыков 1992-жылдан бери бажы тармагында эмгектенип келет. Бажы кызматынын полковниги наамы бар.

Буга чейин бажынын бир катар органдарында иштеген. Жаңы кызматка дайындалганга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөр Башкармалыгын жетектеген.

Султан Мамасыдыков ушу тапта Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын орун басарлыгына талапкер Рустам Мамасадыковдун бир тууганы экени айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bazhy-kyzmatyna-zhay-orun-basar-dajyndaldy



Добавить комментарий