Баткендин облпрокурорун өлтүрдү деп айыпталган Мелис Калыков ачкачылык акциясын токтотту
Баткен облусунун прокурорун өлтүрдү деген шек менен соттолуп жаткан Мелис Калыков ачкачылыгын токтотту. Ал учурда ЖАМКтын Ош шаарындагы №25 тергөө мекемесинде камакта кармалууда. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бүгүн билдирди.
Айыпталуучу Калыков кечээ, 14-мартта ден соолугунун начарлашынан улам ачкачылыгын токтотуу боюнча арызын жазган. Убактылуу кармоо жайынын жетекчилигине нааразычылыгы жок.
Кылмыш Кодексинин 97 адам өлтүрүү беренеси менен соттолуп жаткан 40 жаштагы Мелис Калыков 9-августта аталган мекеменин администрациясына кат жолдоп, ачкачылык кармоо менен нааразычылык акциясын баштаганы тууралуу билдирген.
Эске сала кетсек, М.Калыков Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрдү деп шектелүүдө. Маркум прокурордун өлтүрүлүп, күйгүзүлгөн жансыз денеси 2018-жылдын күзүндө шаар четинен табылган.
Милиция анын өлүмүнө шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыковду кармап, камакка алган.
Мелис Калыков азыркыга чейин өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.
Добавить комментарий ×