Ош окуяларында милициянын полковнигин өлтүргөнү үчүн кесилген киши колонияда каза болду

13 апреля 2020 19:41 1350 Barometr
Поделиться в:
ok

2010-жылы Ош окуяларында милициянын полковниги менен айдоочусун мыкаачылык менен өлтүргөнү үчүн соттолгон Бахадыр Жураев абакта жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жураев Бахадыр Абдухалилович 06.10.1974-жылы туулган. 29.10.2010-жылы Кара-Суу районунун соту тарабынан 25 жылга эркинен ажыратылган.

Соттун өкүмүнө ылайык, Жураев Б.А., Аширов Фахирдин Ракматиллаевич жана башка кишилер улуттук касчылык менен Ош облусунун Кара-Суу РИИБдин жетекчиси Султанов А. Менен айдоочусу милициянын старшинасы Шамурзаев У. аттуу кишилерди мыкаачылык менен өлтүргөн. Маркумдар 2010-жылы 13-июнда болжол менен саат 14:00дөр чамасында массалык баш аламандыкты жоюу үчүн ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаа менен Нариман айылына келишкен.

Жаңы кылмыш жаза мыйзамынын күчүнө кириши менен КРдин Жогорку Сотунун 14.02.2019-жылдагы токтому менен Кара-Суу райондук сотунун, Ош облустук сотунун өкүмдөрү менен Жогорку соттун токтому өзгөртүлүп, Б.Жураевдин аракети кайрадан квалификацияланып, жаза мөөнөтү 18 жылга чейин кыскартылып, калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылган.

Соттолгон Жураев жаза мөөнөтүн Петровка айылындагы №8 мекемеде өтөп жаткан. Ал 04.01.2020 жылы жүрөк оорусунан каза болгон. Андан сырткары анын 2-деңгээлдеги кант диабети оорусу дагы болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-okuyalarynda-miliciyanyn-polkovnigin-ltrgn-chn-kesilgen-kishi-koloniyada-kaza-boldu



Добавить комментарий