Баткендин Кара- Булак жана Боз-Адыр айылында сел жүрдү (Сүрөт)

14 июля 2020 11:14 476 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткендин Кара- Булак жана Боз-Адыр айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.  

Кечээ 13-июль күнү саат 15:40 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кара- Булак айыл аймагында коктулардан келген суулар Боз-Адыр айылында 2 турак үйдүн, Кара-Токой айылында 3 турак үйдүн короосун каптаган. Мындан сырткары Мергенов атындагы орто мектептин жана Кара-Токой бала бакчасына сел суулары кирген. 

Бүгүн күндө селдин кесепеттерин жоюу жана Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/batkendin-ajyldarynda-sel-kaptady



Добавить комментарий