Баткендеги «Кызыл-Бел - Автожол» жана «Кайрагач - Автожол» өткөрүү пунктарынан айрым кемчиликтер аныкталды

9 декабря 2020 17:19 939 Barometr
Поделиться в:
ok

Артем Новиков Баткендеги «Кызыл-Бел - Автожол» жана «Кайрагач - Автожол» өткөрүү пунктунуна барды. Бул туураалуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында пландаштырылган графиктен тышкары «Кызыл-Бел - Автожол» жана «Кайрагач - Автожол» өткөрүү пунктунун иши менен таанышты.

 Аталган өткөрүү пункттарын көрүүдө инспекциялык текшерүү комплексинин жана видео көзөмөл тутумунун ишиндеги айрым кемчиликтер аныкталган.

 Жыйынтыгы боюнча Премьер-министрдин м.а. өкмөтткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеевге ыкчам топ түзүп, аталган өткөрүү пункттарына толук текшерүү жүргүзүү үчүн жөнөтүү тапшырмасын берди.

Ссылка: https://barometr.kg/batkendegi-kyzyl-bel-avtozhol-zhana-kajragach-avtozhol-tkr-punktunan-ajrym-kemchilikter-anyktaldy



Добавить комментарий