Баткенде жеңил унаа 4 жүргүнчүсү менен бара жатып, жарылып кеткен

7 декабря 2022 09:56 763 Barometr
Поделиться в:
ok

Кадамжайда жүрүп бара жаткан авто унаа жарылып кетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, унааны Өзбекстандын  жараныны башкарып бара жаткан.

“6-декабрь күнү саат 10.00 чамасында Өзбекстандын жараны “Деу-Лассети”  үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.

Жарылган унаада жалпысынан  Өзбекстандын 4 жараны болгон,  жабыркагандар болгон эмес.

Бул факты Кадамжай районунун РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/batkende-zheil-unaa-4-zhrgnchs-menen-bara-zhatyp-zharylyp-ketken



Добавить комментарий