Баткенде чек арадагы кол салууда кыргызстандык чек арачы каза тапты

9 июля 2021 09:19 1633 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажик чек арачыларынын куралдуу кол салуусунан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскери, 1994-жылы туулган Хуснидин Хожиев каза тапты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Чек арачы кандай жагдайда каза болгону такталууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда тажик тараптан дагы каза тапкандар жана жарадар болгондор бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү аталган факты боюнча териштирүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында саат 17:00дөр чамасында Кыргызстандын чек ара аскерлери Тажикстандын аскерлеринин күтүүсүз кол салуусуна кабылган. Эки тараптан ок атышуу болгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-chek-aradagy-kol-saluuda-kyrgyzstandyk-chek-arachy-kaza-tapty



Добавить комментарий