Баткенде бажы кызматкерлери 800 000 сомдук товарларды кармашты

8 апреля 2021 11:32 589 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенде бажы кызматкерлери тарабынан тиешелүү докуметтери жок товарлар кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен областыннын Кадамжай районуна караштуу Алга айылында “VOLVO PH12” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Жогорудагы транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан картон коробкаларга салынган керамика плиткалар (кафель) жана “EOCENE” маркасындагы макарон даярдоочу жабдык табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 846 662 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар КРдин мыйзамдарына ылайык тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-bazhy-kyzmatkerleri-800-000-somdon-ashuun-tovarlardy-karmashty



Добавить комментарий