Баткенде ардагерлер өзгөчө кырдаалда ИИМдин кызматкерлерине жардам берди

25 мая 2020 11:26 761 Barometr
Поделиться в:
ok

- Саламатсызбы  Ниймат Арапович. Баткен облусуна өзгөчө кырдаал кирген учурдан баштап Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлеринин аткарган жумуштарына токтоло кетсеңиз.

- Алгач, Баткен районунун Самаркандек айылында 2020-жылдын 21-март күнү дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан короновирус оорусунун алгачкы учуру катталып, ошол эле күнү Баткен ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитовдун Буюртмасы чыгып, анын негизинде облус аймагына санитардык-карантиндик көзөмөл посттору коюлду. 22-март күнү Баткен облусуна өзгөчө кырдаал киргизилип, Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өткөрүлдү. Облус аймагындагы жайгашкан ири соода базарларын, кафе-ресторандарды, мал базарларын, дыйкан базарларынын ишин токтотуу максатында жергиликтүү бийликтин токтому чыгып, милиция  кызматкерлери антимонополия, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

- Сиздердин аймак коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан аймактары менен чектешет. Бул чектешкен аймактарда кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?
- Туура, Баткен облусу Тажикстан Республикасынын 8 району, ал эми Өзбекстан Республикасынын 6 району менен чектешет. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул пандемия азыркы күндө Тажикстан менен Өзбекстанда күчөп турган учуру. Ошондуктан чек ара тилкелерине коюлган посттор күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Ушундай оор кырдаалда тилекке каршы 8-май күнү Баткен районунун Көк-Таш айылында эки элдин ортосунда чыр-чатак чыгып анын натыйжасында кыргыздын 3 чек ара кызматкерине ок тийди. Мындай шартта абалды турукташтыруу ошондой эле коомдун коопсуздугун сактоо максатында милиция кызматкерлери да окуя болгон жерге барышып, эки
элдин ортосундагы чырды токтотуп калууга жетишти.

- Сиздер жактан, айтайын дегеним ардагерлер тарабынан кызматкерлерге кандай көмөктөр көрсөтүлүп жатты? 
- Мындай учурда Баткен облусундагы ардагерлер дагы кол куушуруп отуруп калган жокпуз. Милициянын кадыры элдин ишеними менен бааланат эмеспи. Ошондуктан биз ар бир район-шаардагы ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери, ардагерлери менен байма-бай байланышып, өздүк курамды таза жана адилеттүү иштөөгө үндөп жаттык. 15-май күнү Баткен РИИБнин ардагерлер менен Көк-Таш айылына барып, кызматкерлерден кабар алдык. Аксай айыл аймагынын башчысы С.Анаров менен баарлашып, милиция кызматкерлерине колдоо көрсөтүп турууну айтып, жеринде кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге керектүү азык-түлүктөрдү жеткирдик.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-ardagerler-zgch-kyrdaalda-iimdin-kyzmatkerlerine-zhardam-berdi



Добавить комментарий