Баткен окуясында уулдарынан ажыраган энелерге арналып спектакль коюлат

23 сентября 2022 18:23 1638 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен окуясында уулдарынан ажыраган энелерге жана СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаеванын 75 жылдыгына карата “Саманчынын жолу” балет-ораториясы коюулат. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалыматына таянып "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, 25-сентябрда саат 19:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Баткен окуясында уулдарынан ажыраган энелерге жана СССРдин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Айсулуу Токомбаеванын 75 жылдыгына арналган легендарлуу “Саманчынын жолу” спектакли коюлат.

"Мындай иш- чарага көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу Кыргыз Республикасынын  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана  атактуу балерина Айсулуу Токомбаева менен болгон жолугушууда талкууланды.

Анда Айсулуу Токомбаева Министрликтин акыркы убактардагы жасап жаткан иштерин жогору баалап, маданият кызматкерлеринин айлык маяналары көбөйгөнүнө кубанып жатканын белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Айсулуу Токомбаева 1995- жылдан бери Түркия өлкөсүндө, Анкара мамлекеттик консерваториясында хореографиясабагы  боюнча окутуучу болуп иштеп келет.

«Саманчынын жолу» балет-ораториясы — кыргыздын чыгаан композитору, Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдун чыгармачылыгынын туу чокусу болуп саналат.

Балет-ораторияда Улуу Ата Мекендик согушта жолдошунан жана үч уулунан ажыраган карапайым кыргыз аялы Толгонайдын драмалык тагдыры көрсөтүлөт", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/batken-okuyasynda-uuldarynan-azhyragan-enelerge-arnalyp-spektakl-koyulat



Добавить комментарий