Баткен ОИИБ: Азыркы учурда Баткенде абал туруктуу

30 апреля 2021 09:58 532 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда, Баткен облусундагы чек ара аймагында абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Баткен облусунда ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков  облус аймагындагы  укук коргоо органдарынын жана ички аскерлердин учурдагы абалды турукташтуруу  боюнча иш-чараларын толугу менен координациялап, коомдук тартипти сактоо багытында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү колго алууда.

30-апрелге карата Баткен районундагы кырдаал турукташып ок атуулар токтотулган. Баткен районунун Аксай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режими киргизилген.

Ал эми, Лейлек районунун Кулунду,  Интернационал, Эски -Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары коопсуздук жайларга милиция кызматкерлери тарабынан эвакуациаланган.

Азыркы күндө чек арага чектеш  аймактарда абал толугу менен көзөмөлдө. Милиция кызматкерлери тарабынан блок-посттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Абал туруктуу. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоодо Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов  өздүк курамы менен, ички аскерлердин аскер кызматчылары жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүлгөн тартипте камсыздап жатышат”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/batken-oiib-azyrky-uchurda-batkende-abal-turuktuu



Добавить комментарий