Баткен облусунда 192 адамдан коронавирус аныкталды (сүрөт)
Поделиться в:
Баткен облусунда дарыгерлер үйлөрдү кыдырып, медициналык кароодон өткөрүүдө. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабка шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Маалыматка ылайык, облус аймагында үймө-үй кыдыруу, оорулууларды аныктоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жумуштары жүрүүдө.
Үй - бүлөлүк дарыгерлер топтору 25-августка карата 245 миңге жакын адамды медициналык кароодон өткөргөн.
Натыйжада 374 адамда ар кандай оорулардын белгилери, анын ичинен 192 адамдан коронавирус аныкталып медициналык жардамдар жана кеңештер берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/batken-oblusunda-192-adamdan-koronavirus-anyktaldy-srt
Добавить комментарий ×