“Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан контрабанда товары кармалган
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 2 406 525 сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш- чаранын жыйынтыгында “Баткен” бажысынын кызматкерлери Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте “Баткен-Ош-Исфана” автоунаа жолунда “Н.Н.”, аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “ВОЛЬВО” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 21902 кг., болгон кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 1 801 725 сомду түзөт. Ошондой эле, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош областынын аймагында “К.К.” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “MAN” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи токтотулуп текшерилген.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 17260 кг., болгон 432 кап (мешков) кургатылган жемиштер табылган.
Кармалган товардын жалпы баасы 604800 сомду түзөт. Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/batken-bazhysynyn-kyzmatkerleri-tarabynan-kontrabanda-tovary-karmalgan
Добавить комментарий ×