Барселонын машыктыруучусу Вальверде Лиондон кооптонуп жатат

20 февраля 2019 15:31 1362 Barometr
Поделиться в:
ok

"Барселона" клубунун башкы машыктыруучусу Эрнесто Вальверде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында командасынын "Лионго" каршы беттеши тууралуу жыйынтык пикир айтты.

 «Биз көп аракет жасап, ийгиликке жетебиз деп ойлогонбуз. Барселона өз талаасында мыкты ойнойт, деген менен 0-0 деген эсеп биз үчүн өтө кооптуу. Биз жеңишибиз керек, ал үчүн бизге күйөрмандардын сүрөөнү зарыл болот» деп Вальверде айтканын УЕФАнын расмий сайты жазып чыкты.

Өз кезегинде Лиондун башкы машыктыруучусу Бруно Женезио беттеште ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк болгонун билдирген. Деген менен беттештин жүрүшүндө оюнчуларынын топту көзөмөлдөөдө техникалык чеберчилиги жетишпей калып жатканын айтып, мелдештин кийинки баскычына чыгууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалаганын УЕФАнын расмий сайты жазды.

Эске сала кетсек, УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында Франциялык «Лион» "Стад де Люмьер" талаасында Испаниянын «Барселона» клубу менен беттешип, 0-0 тең чыгышты. Эми 13-мартта Барселона "Камп Ноу" талаасында Лионду кабыл алат.

Ссылка: https://barometr.kg/barselonyn-mashyktyruuchusu-valverde-liondon-kooptonup-zhatat



Добавить комментарий