Асрандиев: Бардык социалдык төлөмдөр, пенсия жана жөлөк пулдар убагында берилет

12 июня 2020 09:37 1479 Barometr
Поделиться в:
ok

Бардык социалдык төлөмдөр, пенсия жана жөлөк пулдар убагында берилет .Бул маалыматты вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

“Өкмөт пенсия, жөлөк пул жана мамлекеттик органдардын айлык акыларын өз учурунда берип жатат жана мындан ары дагы бул төлөмдөр өз убагында аткарылат”, - деди вице-премьер-министр.

Ишкерлерди салыктан бошотуу менен жыл башынан берки беш айда бюджетке 14 млрд. сом түшпөй калганын кошумчалады.

Анын сөзү боюнча, өкмөт ишкерлерге жеңилдетилген тартипте каржылоо аркылуу колдоо көрсөтүүнү чечти. Ишкерлерди каржылоо программасы 22-25-июндан тарта ишке кирет. Учурда ага катышуучу банктарды аныктоо процесси жүрүп жатат.

Буга чейин пандемиядан улам, быйыл мамлекеттик бюджетке 30,8 млрд. сом түшпөй калуусу күтүлүп жатканын өкмөт маалымдаган. Аны эл аралык донорлордон алынуучу акча менен толтурулаары кабарланган.

Ссылка: https://barometr.kg/bardyk-socialdyk-tlmdr-pensiya-zhana-zhlk-puldar-ubagynda-berilet



Добавить комментарий