Банандын сиз билбеген пайдасы

8 февраля 2022 10:15 14840 Barometr
Поделиться в:
ok

Банан өтө пайдалуу жемиштин катарын толуктайт. Анын курамы: сахароза, фруктоза жана глюкоза витаминдерине бай. Аны ач карын жесеңиз сизди бат эле тойгузуп коет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет 

Ал организмдеги углеводдорду калыбына келтирип, жеңил азык катары колдонулат. Банандын дагы бир өзгөчөлүгү ичеги карында пайда боло турган ар кандай жаралардын алдын алат.

Муну менен бирге организмдеги кычкылданууну жөнгө салып, ашказан ооруларынан сактайт. Банандын курамы E, C, B6 витаминдерине бай. Ал витаминдер нервти, кандагы глюкозаны жана кычкылдануу балансын сактап турат. Көбүнчө ашыкча салмактан арылууда жана стресс учурунда колдонсо болот.

Банандын жегенден соң, апетитиңиз ачылып, ар дайым сергек жүрөсүз.

Медициналык жактан алганда курамындагы калий-мээге, жүрөккө жана сөөк мундарына жакшы.

Күнүнө бир даана банан жеп, организмди 400 килокалорий калий менен толуктай алабыз.

                                                                                            

Ссылка: https://barometr.kg/banandyn-siz-bilbegen-pajdasy



Добавить комментарий