Банандын кабыгы ичеги жумушун иретке келтирет
“Банандын кабыгынын курамында көптөгөн пайдалуу заттар бар”,- деп “The Daily Mail” маалымат булагы кабарлайт.
Биринчиден, банандын кабыгында ичеги жумушун иретке келтирген элемент бар. Ошону менен бирге, анын курамында магний, калий, А, С, В6, В12 витаминдери белок да кездешет. А витамини тиштер менен жумшак ткандар үчүн пайдалуу, В6 витамини иммунитетти сактап, мээ менен жүрөктүн жакшы иштешине жооп берет. Ошондой эле, ал кандагы канттын курамын иреттеп, маанайды жакшыртат. Ал эми В12 витамини баш мээ менен нерв системасы үчүн маанилүү.
2011-жылы окумуштуулар банан кабыгында полифенолдор менен каротиноиддор бар экенин билдиришкен. Ушунун бардыгы жалпысынан алганда метаболизмди жеңлдетүүгө жардам берет. Ага кошо кабыгында калориялар жок. Ал эми андагы элемент курсакты узак убакыт ток кармап, ага кошо, анын холестеринди төмөндөтөрү тууралуу маалыматтар бар. Жакында окумуштуулар банандын кабыгында маанайды көтөрүүчү гормон – серотонинди аныкташкан. Ошондой эле, кабыкта катаракт оорусу менен макулярдык дегенерациянын өнүгүшүнө жол бербеген лютеин көп.
Бирок, диетологтордун айтуусу боюнча, банандарга пестициддер көп себилет. Ошондуктан органикалык банандарды сатып алуу керек же аларды жакшылап жууган зарыл. Кабыгын бышырып, кургатып же смузиге кошуп жесе болот.
Ссылка: https://barometr.kg/banandyn-kabygy-ichegi-zhumushun-iretke-keltiret
Добавить комментарий ×