Банан жер жүзүнөн жок болуп кетүү коркунучунда турат

13 апреля 2021 16:43 13196 Barometr
Поделиться в:
ok

Биз сүйүп жеген банандар жер жүзүнөн жок болуп кетүү коркунучунда турат. Бул тууралуу Die Welt басылмасы жазган маалыматка таянып "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, банандарга өтө чоң зыян алып келүүчү топурактын инфекциясынан улам бул жемиш жок болуу коркунучунда турат.

Tropical Race 4 (TR4) деп аталган оору 20-кылымда Азияда жана Австралияда кеңири жайыла баштаган, бирок 2019-жылы биринчи жолу банандын негизги мекени болгон Түштүк Америкада табылган.

Белгилүү болгондой, эксперттер ооруну химиялык заттар менен айыктырууга болбой тургандыгын айтышты.

Эксперттер TR4 оорусу негизинен глобалдык банан соодасынын 95 пайызын түзгөн Кавендиш сортуна таасир этээрин белгилешти.

Адистер дыйкандын таманынын алдындагы булганган топурактын кичинекей бөлүкчөсү дагы инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн деп эскертишет. Мындан тышкары, инфекция бир эле түрдөгү өсүмдүктөрдөн бири-бирине жугушунан улам оорунун тез жайылып кетишин түшүндүрүштү.

Илимпоздордун айтымында, табиятта банандын Кавендиш түрүнөн башка жакшы жемиштүү түрү жок. Мындан тышкары, Азиянын, Африканын жана Американын көптөгөн өлкөлөрүндө бул жемиштер күнүмдүк рациондо картошка жана күрүч сыяктуу эле маанилүү.

"Дүйнө калкынын саны жети миллиарддан ашуун адам экендигин эске алганда, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өсүп жаткан калкынын азык-түлүккө болгон муктаждыгынын өсүшү банан өндүрүшүнүн өсүшүнүн негизги себеби болуп саналат», - деди БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму.

Ошентип, адамзаат даамдуу гана эмес, керектүү тамакты да жоготушу мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/banan-zher-zhznn-zhok-bolup-ket-korkunuchunda-turat



Добавить комментарий