Балыкчыда окуу борборунун чатырын катуу шамал учуруп кетти
Поделиться в:
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында кечээ 23-июль күнү саат 19:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 14-16 метрге жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан “AVEP” окуу борборунун болжол менен 200 чарчы метр жыгач устундуу тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Берилген маалыматка ылайык, жабыркагандар болгон жок.
Ссылка: https://barometr.kg/balykchyda-okuu-borborunun-chatyryn-katuu-shamal-uchurup-ketti
Добавить комментарий ×