Балыкчыда коронавирус менен ооруган акыркы бейтап айыгып, ооруканадан чыкты
Поделиться в:
5-майда Балыкчы шаарынан коронавирус илдети менен ооруган акыркы бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл областы боюнча коронавирус менен ооругандардын 10 учуру катталган. Алардын баары айыгып үй карантинине жиберилген болчу.
Ал эми Кыргызстан боюнча 843 кишиге коронавирус жукканы ырасталды.
Ссылка: https://barometr.kg/balykchyda-koronavirus-menen-oorugan-akyrky-bejtap-ajygyp-oorukanadan-chykty
Добавить комментарий ×