Балыкчы шаарында коронавирустун алдын алуу чаралары талкууланды
Поделиться в:
Балыкчы шаарынын мэриясында коронавирус илдетин алдын алуу жана жайылууну кыскартуу максатында мэриянын экономика бөлүмүнүн кызматкерлери, Салык кызматынан, Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматынан өкүлдөр жана Балыкчы шаарынын аймагындагы дарыкана кызматкерлери менен жолугушуу өттү.
Бүгүнкү оор кырдаалда калкка керектүү дары-дармектердин баасын жогоруулашына жол бербөө керектиги эскертилди. Аптека кызматкерлери тарабынан айтылган сунуш, пикирлер угулду.
Андан сырткары санитардык-карантиндик тартиптерди сактоо жагына көңүл буруу керектигин басым жасалды.
Ссылка: https://barometr.kg/balykchy-shaarynda-koronavirustun-aldyn-aluu-charalary-talkuulandy
Добавить комментарий ×