Балдарын кордогон өгөй атаны кечирүүгө болот. Кечирүү баасы – турак жай

6 июня 2018 03:15 1351 Barometr
Поделиться в:
ok

Өгөй атасы тарабынан сабалган эки жана беш жаштагы балдардын энеси, үй куруп берсе эр сөөрөйдү кечирүүгө даяр. Анын айтымында, балдардын келечегине колдоо көрсөтүп, үй куруп берсе тигил кишини кечирүүгө болот. Бул тууралуу Kaktusmedia маалымат агентиги кабарлайт.

Эске салсак, 4-июнда саат 21:00до милиция бөлүмүнө, райондук ооруканадан 2 жана 5 жаштагы балдардын катуу ур-токмокко алынып келип жаткырылгандыгын билдиришкен. Ошол эле кезде балдардын энеси милиция бөлүмүнө кайрылып, жолдошу жумуштан мас абалында келип, өзүн жана биринчи күйөөсүнөн көргөн эки баласын катуу сабап салгандыгын билдирген. Азыркы учурда шектүү колго түшүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/baldaryn-kordogon-gj-atany-kechirg-bolot-kechir-baasy-turak-zhaj



Добавить комментарий