Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Будапештте өтүп жаткан дүйнө чемпионатына барды
Кыргызстандык балбан кыз, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Венгрияга дүйнө чемпионатына барды. Айсулуу машыктыруучусу менен учакта сапарга чыгып жаткан сүрөтүн өзүнүн instagram баракчасына койгон. Бул маалыматты Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков “Barometr.kg” сайтына бүгүн тастыктады.
“Ооба Айсулуу Будапештке биз менен барды. Учурда 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионаты өтүп жатат. 30-октябрда кыздар күрөшү башталат. Айсулуу биздин U23 кыздар курамасына жардам берет”, - деди Нурбек Изабеков.
Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова жакында эле Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде 62 кило салмакта күрөшүп дүйнө чемпиону болгон. Айсулуу финалда болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин’ди таза артыкчылык менен утуп алган. Бул Эгемен Кыргызстандын күрөш спортунун тарыхында эң чоң жетишкендик болду.
Ссылка: https://barometr.kg/balban-kyz-ajsuluu-tynybekova-budapeshtte-tp-zhatkan-djn-chempionatyna-bardy
Добавить комментарий ×