Балбак Түлөбаев: Кинотеатр, фудкорттор 1-декабрга чейин ачылат
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кинотеатрлар жана фудкорттор декабрга чейин ачыларын айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Кинотеатрларды жана фудкортторду 1-декабрга чейин ачабыз. Кинотетрларды 50 пайыз менен ачабыз. Мисалы 100 орундук болсо 50 киши кире тургандай кылып, аралыкты сактоого милдеттендирүү менен иштөөгө уруксат беребиз.
Кудай буюрса, театрларды да ачууну пландап жатабыз. Өкмөттүн бир токтому бар экен. Ошол токтом өзгөрөрү менен ачабыз. Мэрия бул иштердин үстүнөн иштеп жатат”, - деди Түлөбаев.
Эскерте кетсек, коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталып, чек аралар жабылган, карантин жарыяланган жана ишкерликтин көпчүлүк түрлөрүнө, анын ичинен кинотеатр, театр, тез тамактанчу жайлардын да ишмердүүлүгүнө убактылуу тыюу салынган.
Ссылка: https://barometr.kg/balbak-tlbaev-kinoteatr-fudkorttor-1-dekabrga-chejin-achylat
Добавить комментарий ×