Балбак Түлөбаев: Бардыгы кайрадан жабылат, кайрадан карантиндер болот

25 сентября 2020 10:46 3829 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус илдетинин күч алышы байкала баштады, октябрь айынан тарта ал күчөп, ноябрда кырдаал кайрадан курчуп кетет. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев фейсбук баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“ Бизде жай мезгили учурунда эпидемия жер жүзүнүн түштүк жарым шарында жайылган, ошол мезгилде ал жакта кыш болуп турган. Муну менен мен, кыш мезгили кооптуу экендигин айткым келди. Эң оор кырдаал Бразилия менен Чилиде болгон. Перу сыяктуу кичинекей мамлекетте деле кыш мезгилинде элүү миң адам өлгөн. Бул абдан олуттуу көрсөткүч. Ошондуктан, эсиңизде болсун, бардыгы кайрадан жабылат, кайрадан карантиндер болот. Буга абдан олуттуу караш керек. Сиздин негизги милдетиңиз, коронавирус илдетин жуктуруп албоо. Демек, беткаптарды кийүү сиздин ден соолугуңуздун коопсузду үчүн керек, эгер сиз Кудай сактасын, ооруп жатсаңыз, анда вирусту айлана-чөйрөгө көп чыгарбаңыз. Маскалар бүгүнкү күндө эң маанилүү, тилекке каршы, бирден-бир коргонуу механизми болуп саналат”, -деп билдирүү калтырды Балбак Түлөбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/balbak-tlbaev-bardygy-kajradan-zhabylat-kajradan-karantinder-bolot



Добавить комментарий