Балама пакет кийгизип, милиция кызматкерлери сабап өлтүрүп коюшту деген тургундун видео кайрылуусуна ИИМ жооп берди

5 ноября 2018 14:35 1255 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусундагы Бөрү-Баш айылынын тургуну Нурлан Асанбеков 18 жаштагы уулун милиция кызматкерлери сабап өлтүрүп койгондугун айтып, Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасаган. Бул окуя боюнча ИИМ жооп берди. Barometr.kg сайтына берген маалыматта жогорудагы аталган окуя боюнча бир канча иштердин бети ачылган жана бул тууралуу ачык-айкын иликтенээри айтылган. 

"2018-жылдын 22-октябрында Ысык Көл областынын Ак Суу районундагы Бөрү Баш айылындагы талаадан жаш жигит бакка жип менен муунуп калгандыгы тууралуу маалымат жергиликтүү милиция бөлүмүнө келип түшкөн. Аталган факт боюнча Ак Суу райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып анын өздүгүн такташкан учурда ал Аксуу районундагы Бөрү Баш айылынын тургуну 2000-жылы туулган Э.Касымов талаадагы бакка муунуп каза болгондугу аныкталган.
Аталган факт боюнча териштирүү учурунда муунуп каза болгон Э.Касымовдун атасы Н. Асанбековдун айтуусунда 2018-жылдын 22-октябрында эртең менен Ак Суу райондук милициясына барышып саат 12.00 чыгышкандыгын ошондой эле милиция кызматкерлери уулумду кой уурдадың деп күнөөлөшкөндүгүн жана милиция кызматкерлери баламды сабашты,-деп Ак Суу райондук прокуратурасына кайрылгандыгын билдирген.


Мал уурулук боюнча териштирүу учурунда 2018-жылдын 19-октябрында Аксуу районундагы Бөрү Баш айылынын тургуну Ж.К., райондук милицияга арыз менен кайрылып, анда 13-октябрда “Кырман кашар” сарайынан белгисиз адамдар тарабынан үч баш кой уурдап кеткендигин билдирген. Аталган арыз 19-октябрда Ак Суу раймилициясынын кылмыштарды каттоо китебине №665 сан менен катталып, алгачкы иликтөө иш чаралары жүргүзүлө баштаган да кылмыш жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) менен иш козголгон.
Аталган факт боюнча алгачык иликтөөлөрдүн жүрүшүндө аныкталгандай Аксуу районундагы Бөрү Баш айылынын тургуну 2000-жылы туулган Э.Касымовдун каза болгонго чейинки берген түшүнүгүндө 2018-жылдын октябрынын он үчүнөн он төртүнө караган түнү ушул айылдын тургуну Ж.Кнын үч баш токтусун уурдап атасынын “Мицубиси” автоунаасына салып Каракол шаарынын мал базарына алып барып, белгисиз адамдарга он эки миң сомго (12.000) баалап сатып жибергендигин жана ал акчага сүйлөшүп жүргөн кызы А.Т.нын туулган күнүнө карата уюлдук телефон сатып бергендигин көрсөткөн. Анын мал уурдагандыгы, базарга саткандыгы тууралуу берген тушүнүгү аудиожазуу түрүндө бар экендигин билдиребиз.
Аталган кылмыш боюнча уурдалган койлорду табуу, ал койлорду сатып алган адамдарды тактоо жана кошумча далил заттарды табуу туурасында иликтөө иштери журүп жаткан учурда кылмышка шектүү катары каралып жаткан Аксуу районундагы Бөрү Баш айылынын тургуну 2000-жылы туулган Э.Касымовдун асынып каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Социалдык түйүндөр аркылуу кайрылуу жасаган Н.Асанбековдун ИИМдин маалымат базасында бир нече жолу соттолгондугу тууралуу да маалыматтар катталып тургандыгын билдиребиз. Аксуу районундагы Бөрү Баш айылынын тургуну Н.Асанбеков 1984-жылы зордуктоо жана бейбаштык фактылары боюнча жети жылга жоопкерчиликке тартылган жана 1996-жылы мал уурулук беренеси боюнча иш козголуп, үч жылга жоопкерчиликке тартылган, 1998-жылы бейбаштык беренеси менен иш козголуп айып төлөө менен жазасын алган. Ал эми 2008-жылы бейбаштык беренеси менен жоопкерчилиги каралган, андан сырткары 2013-жылы мал уурулук беренеси менен кылмыш иши козголуп, уурдалган малдарды ээсине кайтарып, чыгымдардын ордун толтургандыгы үчүн арыз ээсинин тосмо катынын негизинде жоопкерчиликке тартылган эмес. Ошондой эле анын бир тууган агасынын да 1997-жылы мал уурулук менен кармалып беш жылга эркинен ажыратылгандыгы тууралуу маалымат да ИИМдин маалымат базасында катталып тургандыгын  белгилейбиз.
Учурда ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы тарабынан Ак Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилик курамынын жана аталган кылмышты иликтеген жана тергөөгө алган кызматкерлердин ишмердүүлүгү, аталган окуяларга карата мыйзам чегинде кандай иш аракеттерди көргөндүгү жана көрбөгөндүгу боюнча текшерүүлөр жана иликтөөлөр жүрүүдө. Ошондой эле аталган окуялар Ак Суу райондук прокуратурасы тарабынан да териштирүү иш чаралары башталгандыгын белгилейбиз"-деп жазылат маалыматта. 

Эске салсак, баламды пакет кийгизип, сабап өлтүрүштү, өзүн муунуп өлгөнгө чейин милиция кызматкерлери жеткиришти деп Бөрү-Баш айылынын тургуну прездентке кайрылуу жасаган.


Ссылка: https://barometr.kg/balama-paket-kijgizip-miliciya-kyzmatkerleri-sabap-ltrp-koyushtu-degen-turgundun-video-kajryluusuna-iim-zhoop-berdi



Добавить комментарий