Бакыт Шаршембиевдин кармалышы жөнүндө маалыматты жалган деп билдиришти

6 май 2019 10:02 2892 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык түйүндөрдө жана интернет айдыңында Мамлекеттик маалымат жана байланыш комитетинин жетекчиси  Бакыт Шаршенбиевдин кармалганы тууралуу маалымат тарап жатат. Бул коомчулукту адаштырган жалган маалымат. Мындай кабарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлады.

Аталган кызмат такталбаган жана жалган маалымат чындыккка дал келбей турганын тастыктайт. Каржы полициясынын органдары мындай маалыматты таң калуу менен кабыл алат жана Байланыш комитетинин башчысын кармоо боюнча эч кандай атайын иш-чара жүргүзүлбөгөнүн кабарлайт.

Буга байланыштуу Каржы полициясы журналисттерди жана жарандарды чагымчыл жана жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Эскерте кетсек, жалган маалыматты тараткан тараптар Кылмыш кодексинин 344-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине  тартылат.   

Ссылка: https://barometr.kg/bakyt-sharshembievdin-karmalyshy-zhnnd-maalymatty-zhalgan-dep-bildirishti



Добавить комментарий