Таласта өз ымыркайын итке таштап койду делген маалымат 5 жыл мурда болгон окуя
Таласта жаңы төрөгөн ымыркайын итке салып берип койгон делип интернетте таркап жаткан маалымат мындан беш жыл мурда болгон окуя. Бул тууралуу Талас ОИИБдин маалымат катчысы Динара Сарногоеванын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Анын айтымында, бул окуя беш жыл мурда болуп, ымыркайды итке таштаган эне кармалып жоопко тартылган.
“Белгисиз бир себептерден улам бул маалымат козголуп, интернет булактарда жарыяланып, элдин көңүлүн буруп жатат.
Бул окуя 5 жыл мурун Талас шаарында орун алган эле. Төрөгөн эне аныкталып, тергөө иштери жүргүзүлүп, жоопко тартылган болчу”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-z-ymyrkajyn-itke-tashtap-kojdu-delgen-maalymat-5-zhyl-murda-bolgon-okuya
Добавить комментарий ×