Жерүйдү иштетүүчү компания “Бакутбат Талас” фонду аркылуу өндүрүшчүлөрдү кандай колдоп жатат?

25 октября 2021 17:36 1287 Barometr
Поделиться в:
ok

"Бакубат Талас" фонду Кара-Буура районунунун тургуну, жеке ишкер Гүлмира Базарбаеванын ишканасына төө буурчак менен мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө зарыл болгон жабдууларды сатып алыш үчүн 200 миң сом бөлүп берди. 

Талас областынын Кара-Буура районуна караштуу Бакыян айыл өкмөтү тарабынан жеке ишкер Гүлмира  Базарбаева дүйнөлүк “Азык-түлүк” программасына долбоор жазып, Япониянын финансылык колдоосу менен 1,7 млн сомго төө буурчак жана жергиликтүү мөмө- жемиштерден кайра иштетүүчү жабдыктар алынып келинген.

Цехти толук кандуу кубаттуулукта иштетүү үчүн жетишпеген айрым жабдыктарын сатып алууда “Бакубат Талас” фондунан 200 миң сом кайтарымдуу каражаты бөлүнгөн. Алсак компрессор, автоклав аппаратына таза суу куйууга фильтр жана даярдалган продукцияны тангактоочу аппарат сатылып алынган. Аталган цех ишке берилип бүгүнкү күндө туруктуу 13 адам иш менен камсыз болгон. Ал эми сезон учурунда 20 адамга чейин иш орундары түзүлөт.

Цех күнүнө 250-300 литр төө буурчак, мөмө-жемиш пасталарын чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Бир айда 6 тоннадан ашык продукция чыгара алат, өндүрүлгөн азык Казакстан, Россия жана ички рынокко чыгат.

Бакыян айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жумушка алынган жана жергилүктүү айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардамдар каралган. Ал эми Япония малекетинин JICA программасынын “Бир айыл-Бир продукт” долбоору продукцияларды чыгарууга жана цехтеги иштеген жумушчуларга окутуу жагын уюштурууга жардамдарын берип келет.


Ссылка: https://barometr.kg/bakubat-talas-fondu-200-mi-somdu-t-buurchakty-kajra-ishtetch-cehke-bld



Добавить комментарий