"Бакубат Талас" мол түшүмгө жол ачат. Таласта жердин топурагын аныктоочу лаборатория ачылат

1 декабря 2021 14:40 2135 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас шаарында жайгашкан Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы (Кыргызгипрозем) «Бакубат Талас» фондунун колдоосун менен 3-транш менен 1 млн 883 миң сомго Талас облусунда жердин топурагын аныктоочу лабораториясын ачууга колдоо көрсөткөн. 

1-траншта 446 миң сом бөлүнүп мекеменин чатыры, айнектери жана сырткы дубалдарына  капиталдык ремонт иштери жасалган. Ал эми 2-транш менен 560 миң сомго Талас облусундагы дыйкандардын жер иштететүүдө, жердин топурагын анализдөөчү лабораториясынын  бөлмөлөрүнө  ремонт иштери жасалып бүттү. 3-транш менен 877 миң сомго лабораторияга керектелүүчү аппараттарын сатып алууга бөлүнгөн.

 Буга чейин Талас облусунда жердин кыртышын аныктоочу лаборатория жоктугуна байланыштуу анализ чыгаруу үчүн  Бишкек шаарына жөнөтүшчү жана 1 ай убакытты талап кылчу. Лаборатория ишке кирип калса 3 күндүн ичинде топурактын курамын аныктап, кайсыл элемент жетишпейт жана кандай жер семиртүүчү азыктарды колдонуу керек тууралуу адистер аныктап беришет. Быйылкы жылдын аягына чейин толук кандуу ишке кирип калаарын мекеменин жетекчиси билдирди.

Лаборатория курула электеги абалы


Лаборатория курулгандагы абалы


Ссылка: https://barometr.kg/bakubat-talas-mol-tshmg-zhol-achat-talasta-zherdin-topuragyn-anyktoochu-laboratoriya-achylat



Добавить комментарий