"Байденди чакырып алса болмок". Путиндин Сибирдеги эс алуусун дүйнө эли талкулоодо
Орус лидери Владимир Путиндин дем алыш күндөрдөгү Сибирдеги эс алуусун дүйнө эли талкуулап жатышат. Ага утурлай, “Барометр” кызыктуу билдирүүлөрдүн топтомун сунуштоону туура көрдү.
Белгилүү болгондой, Путин эс алууга Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен бирге чыккан.
Эс алуу учурунда, Шойгу президентке өзүнүн устакансын көрсөтүп, бош убактысында карагайдын кургак бутактарынан ар кандай буюмдарды жасарын айтты.
Эске салсак, 20-мартта Россиянын президентинин учагы Абакан аэропортуна (Хакасия) келип конгон. Ага чейин, Путиндин Сибирге келүүсүнө бир жума даярдык көрүлгөнү тууралуу айтылган.
Германиялык Bild басылмасы "адатка айланып калгандай орус лидеринен дагы бир жаратылыш коюнундагы сүрөт" деп жазып, Путиндин акыркы беш жылда такыр өзгөрбөгөнүн белгиледи.
"Путин өзүнүн жаш курагына карабай чымыр экенин далилдөө менен бирге, саясий жолундагы күчтүү позициясын да жарыялоодо", - деп жазды Bild басылмасы.
Британиялык Daily Mail гезитинин окурмандары Путинди “АКШ президенти Джо Байденди да чакырып алса болмок” деген билдирүү калтырышты.
“Бир аз Сибирде жүрө тургула. Жакында Байден барат скутер менен. АКШ президенти үчүн эң пайдалуу эс алуу болмок”, - деп жазды басылма окурмандын билдирүүсүн .
ABC News телеканалы орус лидерин "жигердүү, өзгөчө экстрималды жакшы көргөн адам" деп атады.
Ошол эле учурда, британиялык The Sun гезити Путиндин бул аракетин дүйнөгө өзүн "күчтүү башкаруучу катары" көрсөтүүгө багытталган аракети деп баалады.
Ссылка: https://barometr.kg/bajdendi-chakyryp-alsa-bolmok-putindin-sibirdegi-es-aluusun-djn-eli-talkuloodo
Добавить комментарий ×