Байден АКШнын Ирактагы аскердик миссиясы токтотулганын билдирди
Американын президенти Джо Байден Ирактагы АКШнын армиясынын миссиясы аяктаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлайт.
Америкалык лидер Ак үйдө Ирактын өкмөт башчысы Мустафа аль-Казыми менен өткөргөн жолугушуунун жүрүшүндө Кошмо штаттар ИГИЛ менен күрөшүү үчүн аскерлерди машыктыруу менен гана чектеле турганын билдирди.
“Биз эч кандай аскердик миссияларга катышпайбыз”,-деп баса белгиледи Байден.
Буга чейин Associated Press “АКШнын президенти Джо Байден менен Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми 2021-жылдын соңунда Пентагондун аскер контингентине кеп-кеңеш берүүчү гана макам берерин жарыялайт”,- деп билдирген болчу.
Эскерте кетсек, АКШ буга чейин 20 жылга жакын убакыттан бери жүргөн Афганистандагы аскерин чыгарып кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/bajden-akshnyn-iraktagy-askerdik-missiyasy-toktotulganyn-bildirdi
Добавить комментарий ×