Кеңешчи: АКШнын Борбордук Азияда база уюштурууга ниети жок

5 июля 2021 16:05 3869 Barometr
Поделиться в:
ok

Вашингтон Кабул менен байланышкан учурда өз аскерлерин Афганистандан чыгарып кеткенден соң Борбор Азиянын өлкөлөрүндө аскер базаларын түзүүгө ниети жок экенин айтууда. Бул тууралуу РИА Новости булагы менен болгон маегинде Афганистандын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб билдиргенин “Барометр” кабарлайт.

 “Мен билгенден,бул жөнүндө сөз болгон жок. Балким ЖМКлар ката маалыматтарды берип жатышабы дейм. Биздин Америкадагы байланыштар боюнча алар эч бир жерге аскер базасын жайгаштырууга ниеттенген жок”,-деп айтты маекте Мохиб.

Ал эгерде АКШ ушундай сүйлөшүү жүргүзүп жаткан болсо, бул тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин кошумчалады.  

Буга чейин Пентагон  Өзбекстан,Тажикстан жана Афганистан менен чектешкен башка өлкөлөр менен аскердик кызматташтык боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалымдалган болчу.  

Ссылка: https://barometr.kg/keeshchi-akshnyn-borborduk-aziyada-baza-uyushturuuga-nieti-zhok



Добавить комментарий