Бахрейнде эрежесиз эр уруш боюнча үч кыргыз мушкери жеңишке жетти

12 марта 2021 10:53 2933 Barometr
Поделиться в:
ok

Кече, 11-март күнү Бахрейндин борбору Манама шаарында эрежесиз эр уруш боюнча "BRAVE CF 47"  турнири болуп өттү. Турнирди “КТРК СПОРТ” каналы түз алып көрсөттү. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт. 

Аталган турнирге Кыргызстандын атынан үч мушкер барган.

Эрежесиз мушташтын башкы беттешинде Кубаныч Абдисалам уулу филиппиндик Роландо Дай менен жолукту. Беттеш башталганда эле кыргыз мушкери өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп, мушташтын жүрүшүндө өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтө алды. Экинчи раунддан соң, филиппиндик мушкер беттешти улантуудан баш тартып, жеңиш кыргыз мушкерине ыйгарылды.

Мындан сырткары, Рыскулбек Ибраимов, Немат Абдрашитовдор да атаандаштарын будалдырбай жеңип, Кыргызстан үчүн жеңиш алып келишти.

Ошентип, кыргызстандык мушкерлердин үчөө тең өлкөгө жеңиш менен кайтышты.

Ссылка: https://barometr.kg/bahrejnde-erezhesiz-er-urush-boyuncha-ch-kyrgyz-mushkeri-zheishke-zhetti



Добавить комментарий